Баардык түрктөр бир тууган!

Эй Тенир Тоодо төрөлүп, төгөрөктүн төрт бурчунда ат чаптырган даңктуу чабуулчу, жүрөгүндө комуз кылдарын ойнотуп, Коркут Ата рухун ташыган акылман, бир күндө мамлекет кырып, бир түндө хандык курган эр жүрөк аскер, ташка өлбөс жазуу жаздырган Билге Кагандын неберелери, көк асман сымал асабалары менен бөрү баштуу тууларын көккө көтөргөн алп адам, коркокторго Улуу кытай дубалын тургуздурган Мете Хандын жана алардын хандыгын кырк кишиси менен басып алган Күршаддын тукумунан тараган улуу Түрк, сөзүм сага арналат.

Учурда жашап жаткан мамлекеттердин көбү дүйнөдө жок кезде, биз түрктөр, мамлекет куруп, бул дүйнөнүн тартибин сактадык. Хундар жана көктүрктөрдүн аркасы менен Түрк атын миң жыл мурун бүткүл ааламга угузуп, дуйнөлүк көз карандысыздыкка жеткенбиз. Көк асман чатырыбыз, күн болсо асабабыз эле. Күчүбүз бир гана кылычыбыздын курч, же билегибиздин күчтүүлүгүнө байланыштуу эмес эле: улуу салтыбыз, ишеничибиз, мамлекетибизге болгон сүйүүбүз жана баа жеткис маданиятыбыз бизди башка элдерден жогору кылып турган. Атабыз Махмуд Кашкари да: «Мен Теңирибиздин мамлекет күнүн Түрк жылдыздарында жаратканын жана көктөгү бардык нурларды алардын үстүнө бурганын байкадым. Теңир аларды түрк аты менен атап, аларга жер жүзүндө үстөмдүк кылдырды,»- деп, түрк болуунун куттуулугун миң жыл мурун бизге билдирип кеткен.

Экинчи көктүрк каганатында түрк тектүүлөрдүн бардыгы бир асабаны тутушкан. Кийинчерээк түрк көчтөрүнүн натыйжасында кандаштар дүйнөнүн төрт бурчуна тарай баштаган. Бири-биринен алыстап кеткен тектеш түрктөрдүн ортосундагы аралык, орустардын, кытайлардын жана сан жеткис душмандардын бизди бөлүүгө жумшаган аракеттери менен кеңейди. Орустар: «Силер түрк эмессиңер. Силер кыргыз, азербайжан, өзбек, казак, ж.б. татарсыңар!»- деп, алгач куттуу тилибизди бөлүп салышты. Ар бир түрк тили үчүн бир канча эреже ойлоп чыгарып, аларды бөлөк-бөлөк тил кылышты. Орустар эне сүтүндөй ак жана таза тилибизди 20дан ашык бөлүккө бөлүп, миң жылдык салтыбызды жана маданиятыбызды жок кылуу үчүн колунан келгенин кылышты.

Түрк дүйнөсүнө каршы ойнолгон бардык оюндар, түркчүлүк күнүн күн өткөн сайын өчүрдү. «Аймак кетет, салт калат» дедик, бирок салтыбыз да бузулду. Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Казакстан, Татарстан, Якутия, Чувашия, ж.б. Башкириядагы түрктөрдүн бир бөлүгү түрктөрдү бөлүүнү каалагандарга ишенип, бүгүн жашап жаткан 300 миллионго жакын туугандарынан кабарсыз жашоосун улантышты. Бул өзгөрүүлөрдүн натыйжасында түрк ээликтери «чет өлкөгө» айланды. Бирок чындыкты билгиси келгендер, башкача айтканда туурасын Билге Кагандын жазууларынан издегендер атабыздын 1300 жыл мурун бизге: «Эй Түрк калкы, үстүбүздөгү көк асман чөкмөйүнчө, алдыбыздагы кара жер жарылмайынча, сенин жериң менен салтыңды ким буза алат?»- деп кайрылганын көрүшмөк.

Бул окуялар биздеги Түркчүлүк сүйүүсүн жок кыла алган жок, тескеринче жүрөгүбүздөгү жалындын күчтүү жанышына түрткү берди. 1990-жылдардын башында бир туугандарыбыздын эгемендүүлүккө жетиши менен улуу түрк биримдигине жеткирчү күн бизди кыялдарыбызда көкөлөттү.

Бүгүн үстөмдүк кылып турган мамлекеттердин кызыгуусун туудурган жерлерибизди коргоп, түрк атын дагы миңдеген жылдар бою жашатуунун жана аны келечек муунга жеткирүүнүн бирден-бир жолу бардык түрктөрдүн бир туугандык сезимдерин ойготуп, бул багытта биригүүнү көздөөлөрү болуп эсептелет. Бул улуу максат, биз түрктөр үчүн келечектин алтын ачкычы, мамлекеттерибиздин коопсуздугу үчүн түрк күчүнүн жана көз карандысыздыгынын биринчи кадамы болуп эсептелет.

Түрк дүйнөсүнүн бир бөлүкчөсүбүз: бирибиз огуз, бирибиз кыпчак уруусунан болобуз. «Сен кимсин?»- деп сураганда, «Түрк мен»- деп жооп берген туугандарыбыз «Түркмөн» атка конушкан экен. Ал эми дагы бирибиз көк огуздарынан тараган «Гагауз» түрктөрүбүз. Огуз түрктөрү аттары менен Анадолуга келишиптир, кыргыз түрктөрү болсо аттарын союп жегендиктен аталарыбыздын мекени болгон Теңир-Тоодо калышыптыр. Башкурт бизбиз, казак дагы биз... Биз бир жолу өлүп, Эргенекондо миң жолу тирилген Көктүрктөрбүз. Биз бир казанда бышкан аш, бир тамырдан өсүп чыккан мөмөлүү дарактын бутактарыбыз.

Ата-бабаларыбыз Алтайда жашап, Өтүкенде согушушкан; Ысык-Көлдөй кымыз саап, Ала-Тоодой эт жыйышкан; той өткөрүп, мекенибизди шаңга бөлөшкөн. Бирок убагы келгенде бир жолу өлүп, миң жолу тирилүүнү парз деп билишкен. «Жөн гана жатып өлүү биз үчүн тозок, кандуу чек ара биздин мазарыбыз болсун» деген ой менен иш кылып, темирдей тоолорду эритип, кан тамырыбызда аккан асыл кандын бул күнгө чейин жетишине салым кошушкан.

Учурда миңдеген жылдар бою сактап келген салтыбызды, тилибизди, тукумубузду, тагыраак айтканда түрктөргө тиешелүү болгон бардык баалуулуктарыбызды келечек муундарга мурункусундай таза түрдө жеткирүү биздин чоң милдетибиз. Эгерде бир күнү Теңир-Тоонун чокусунда Огуз Кагандын өргөсүнө кирип, анда отурган Күршад сыяктуу көптөгөн эр жүрөк баатырлардын алдында тизе чөгүп отурууну кыялданып жатсак, аталарыбыздан мурас калган бөрү баштуу асабабызды көтөрүүгө татыктуу болушубуз керек. Эгерде Алтайдын башында улуган бөрү, же «Эне мекенибиздин» үстүндө сызып учкан бүркүт болууну кааласак, анда алгач бөрү сымал жол көрсөткүч жана бүркүт сымал курч көздүү болушубуз керек.

Кудай Түрк дүйнөсүндөгү туугандык байланышынынын күчтүү болушун жана туугандык мамилелерибиздин күчү аркылуу Түрк рухун түбөлүктүү жашатуубузду насип кылсын.

Кудай Түрктү сактасын.

Yorum Yaz Yazdır Arkadaşına Gönder

 


Bir Lehçe
Seçin.



Yorum Yazın!
Türk Birliği
Ortak Dil

Türküler


Ağelimizi
1.425.803
kişi ziyaret etti.

Bu ağeli, Türk dünyası kardeşliğini bütün Türklere duyurabilmek amacıyla açılmıştır. Yüreğinde bir damla olsun Türklük sevgisi bulunanların, bu ağelini mümkün olduğunca çok Türk'e ulştırması bütün dünya Türklüğü adına iyi olacaktır.
Ağelinin bütün hakları, yüce TÜRK ulusuna aittir. İçeriği gönlünüzce kullanabilirsiniz.

İletişim